“十三五”交通运输发展实现良好开局——《...
Т?нд?к де?из (North Sea) - Атлантика океанындагы четки де?из.
Европанын жээктеринде. Чыгышынан Скандинавия жарым аралы жана Юпгландия жарым аралы, батышынан Улуу Британия, Оркней жана Шетленд аралдары менен чектешет. Улуу Британия, Германия, Нидерланд, Бельгия?, Франция, Норвегия жана Даниянын жээктерин чулгап жатат. Балтика денизи ы-нДания кысыктары, Атлантика океаны менен Па-де-Кале жана Ла-Манш кысыктары аркылуу туташат. Аянты 565 ми? км2. Басымдуу тере?диги 100 -мге чейин; т?шт?к б?л?г?нд? тайыздыктар, морена ч?км?л?р?н?н турган банкалар к?п (мис., т?шт?к жээгиндеги Доггер-Банка; тере?диги 14-15 м). Э? тере? жери - 725 м. Ачык де?изде аралдары жок. Чыгышында гана Фриз майда аралдар тизмеги бар. Э? чон аралы - Гельголанд.

Т?нд?к де?издин т?нд?к-чыгыш жээктери (Норвегия) фьорддуу, т?шт?к-чыгышы тегиз, кумдуу, т?шт?г?нд? ваттар кездешет. Батышында кууш бухталар к?п. Нидерланддын жээктеринде ташкын к?п болгондуктан дамбалар менен суу сактагычтар курулган. Де?изге Эльба, Везер, Рейн, Темза ж. б. ири дарыялар куят. Климаты мел??н. Суунун бетинин орт. температурасы февралда 2-7°С, августта 12-19°С. Туздуулугу 32-34,5%о. Декабрдан апрелге чейин то?от. Жыл бою батыштан, т?шт?к-батыштан нымдуу шамал согот. Де?из ?ст?н к?п мезгилде туман каптап турат. Суткада 2 жолу (бийикт. 7,6 мге чейин) ташкындайт. Де?гээли ташкындын жана шамалдын таасиринен 67 жге, Шотландиянын жээгинде 11 -мге чейин к?т?р?л?п, жээктерин суу каптайт, кеме каттамына кыйынчылык туудурат. Балык (сельдь, треска, тунец, камбала) кармалат. Де?издин акваторияларында нефть (Абердин) жана газ (Экофиск, Тролл) кендери бар. Негизги порттору: Роттердам, Амстердам (Нидерланд), Антверпен (Бельгия), Лондон, Иммингем, Халл (Улуу Британия), Гамбург, Бремен, Вильгельмсхафен (Германия), Гётеборг (Швеция), Осло, Берген (Норвегия).
Колдонулган адабияттар
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]- ?Кыргызстан?. Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. ?. А. Асанов. К 97. Б.: ?Кыргыз энциклопедиясы? башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-2025-08-145-4